Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Кыргызстанда жол кырсыгынан киши өлүмү көп катталат


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстан Борбор Азия боюнча жол кырсыгынан киши өлүмү көп катталган өлкөлөрдүн ичинен экинчи орунда турат. "Европа-Кавказ-Азия транспорттук коридору” уюмунун 22-июлдагы иш-чарасында айтылган маалымат боюнча, Кыргызстанда 100 миң кишинин дээрлик 23ү жол кырсыгынан набыт болот.

Биринчи орунда Казакстан турат - 100 миң кишинин 30у жол кырсыгынан каза табат. Үчүнчү орунда Түркмөнстан, ал жакта 100 миң кишинин 18и жол кырсыгынан улам өмүр менен кош айтышат. Эң азы Өзбекстанга туура келет, Өзбекстанда бул көрсөткүч 11 учурга барабар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG