Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Электр жарыгынын баасы 10 пайызга кымбаттайт


Отун-энергетика тармагын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик электр энергиясынын жаңы тарифин иштеп чыкты. Агенттиктин башчысынын орун басары Миргүл Айдарованын “Азаттыкка” билдиришинче, тарифтер 1-августтан тарта 10% көтөрүлө турган болду. Учурда өкмөттүн кароосуна жиберилген жаңы тариф боюнча жөнөкөй тургундар 700 киловатт сааттан ашык электр энергиясына 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Ал эми өндүрүш ишканалар жана калган керектөөчүлөрдүн баары 2 сом 24 тыйындан төлөйт. Айдарова кошумчалагандай, жаңы тарифте бийик тоолуу аймактарга электр жарыгын колдонуу 300 киловаттка көбүрөөк берилип жатат. "Натыйжада 1000 киловаттан ашык колдонулса 2 сом 16 тыйындан төлөй баштайт", – деди Айдарова.

Өкмөт 1-июндан тарта электр энергиясы жана жылуулукка тарифти 20% көтөрүүнү чечкен. Бирок президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө тариф саясатын кайра карап чыгууну сунуштаган эле. (SDz)

XS
SM
MD
LG