Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:49

Алматыдагы селден төрт киши ооруканага жаткырылды


Маалыматтарга караганда, буга чейин шаардык ооруканага алты киши кайрылып, үчөө ооруканага жаткырылган. Tengrinews сайты шаардагы №7 оорукананын баш врачына шилтеме жасап, ооруканага 12 киши тез жардам менен жеткирилгенин, сегизи дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйлөрүнө кайтып кетишкенин жазды. Баш дарыгер Болатбек Баймаханов кайрылгандардын ичинде өтө олуттуу оорулары жоктугун билдирген.

Алматы шаарынын Наурызбай районунда 23-июлга караган түнү катуу сел жүрүп, ондогон үйлөрдү суу каптаган. Шаар жакасындагы чакан көл жырылып кеткендиктен, Каргалы дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөн. Аймактын тургундары коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Казакстандын өзгөчө кырдаалдар комитети Алматыда сел коркунучу дагы деле сакталып турганын билдирип, буга 24-июлдан 27-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан себеп болушу ыктымалдыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG