Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Баткенде жер жарылып, дарыяны бөгөп калуу коркунучу пайда болду


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 23-июлда Баткен облусуна караштуу Жаңырык айылында Сох - Кан - Зардалы жолунун 32-33-чакырымында жолдун үстүңкү тарабындагы түздүктүн 9-10 жеринен жер жарылган. Арыктын ортосундагы кээ бир жерлер 40-50 см. чөккөн, көлөмү болжол менен 2 млн. кубду түзөт.

Ошондой эле жолдун жарымынан узундугу 20 метр болгон жарака пайда болгон. Мындан улам автоунаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралууда. Аталган министрлик бул аймакта жамгыр жааса же жер силкинсе, көчкү жүрүп, жолду басып калуу коркунучу бар экенин эскертүүдө. Ошондой эле Көк-Суу дарыясын тосуп калуу коркунучу да пайда болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG