Кыргызстанда 28-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 30…35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 14…19, күндүз 22…27;
Нарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Бишкекте 28-июлда жаан-чачын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Түнкүсүн 20…22 градус, күндүз 30…32 градус жылуу болот. (AzK)