Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

Сариев: салттуу исламдын баалуулуктарын кармануу зарыл


Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн өлкөдөгү диний кырдаал жана коопсуздук маселелерине арналган жумушчу жыйын учурунда билдирди. “Буга чейин диний радикализмдин коркунучтары бизден алыстагыдай сезилсе, учурда бизге чакырык катары чыгып, өлкө коопсуздугуна коркунуч туудура баштады. Буга интернетте тарап жаткан ар кыл тасмалар мисал боло алат. Ошондуктан бардык мамлекеттик органдар, коомчулук бул коркунучка каршы туруп, биргеликте күрөшүүбүз абзел”,-деди Темир Сариев.

Жыйын соңунда кыргыз өкмөтүн, президентке караштуу дин иштери боюнча комиссиясын, укук коргоо органдарын жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын, муфтиятты биргелешип түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, укук коргоо органдарына экстремисттик жана террордук күчтөргө каршы күрөштү күчөтүү жана жазаларды катаалдаштыруу, мечиттерди курууда мамлекеттик каттоого алууну иретке келтирүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле 2014-жылдын 14-ноябрында президенттин жарлыгы менен бекитилген диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча концепциянын аткарылышын карап чыгуу тапшырылды.(AzK)

XS
SM
MD
LG