Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:42

Мүлктү башкаруу фонду газ түтүктөрү тууралуу түшүндүрмө берди


Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Кыргызгаздын” Лейлек жана Кадамжайдагы газ түтүктөрүнүн сатылып жатышы тууралуу экс-депутат Мурат Жураевдин билдирүүсүн четке какты.

Фонддун маалыматына ылайык, “Кыргызгаздын” бардык мүлк комплекси, укук жана милдеттери, анын ичинде газ түтүктөрү мыйзамга ылайык сатып алуу жана сатуу келишимин түзгөндөн тарта 2014-жылдын 10-апрелинде “Газпром Кыргызстан” ишканасынын менчигине өткөрүлүп берилген.

Баткендеги Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагында “Хаваст-Фергана” жогорку басымдагы магистралдык газ түтүгү 3 багыттан турат. Алардын биринин техникалык абалы канааттандырарлык эмес деп табылгандыктан “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун башкы дирекциясынын №64 чечими менен 2013-жылдын 25-октябрында ишкананын балансынан чыгарылган.

Газ үчүн "Казмунай Газпром" ишканасына 33 миллион сом карызды жабуу үчүн аталган магистралдын 95-121 км участкасындагы газ түтүктөрү берилген.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун белгилешинче, “Газпром Кыргызстан” ишканасына Лейлек, Кадамжай районунун тургундары кайрылып, иштен чыккан газ түтүктөрдү сугат суу үчүн пайдаланууга сурашкан. Бирок ишкананын уставындагы жоболорго ылайык, башкы директор бул маселени жеке чече албайт. Мындан улам газ түтүктөрдү берүү маселеси “Газпром Кыргызстан” ишканасынын директорлор кеңешинин чечиминен кийин гана каралат.

Буга чейин экс-депутат Мурат Жураевдин "Азаттыкка" “Газпром Кыргызстан” ишканасынын жетекчи орун басары Тургунбек Кулмурзаев түтүктөрдү жең ичинен казып, Тажикстанга сатып жатканын билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG