Өкмөттүн басма сөз кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн кендин ачылышына премьер-министр Темир Сариев катышты. Ал алтын комбинатынын ишке кириши Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң окуя болгонун, кен өлкө үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
Ишкана ушул жылдын аягына чейин 1 тонна 2 кило алтын өндүрөт деп пландалууда.
Ушул тапта ишканада 1068 киши иштесе, анын 90 пайызын жергиликтүү жумушчулар түзөт. Кенди иштеткен компания 2011-жылдан тарта Кыргызстандын казынасына 500 миллион сом салык төлөгөн. Эми ал толук кандуу ишке киргени жылына 400 миллион сом салык төлөй баштайт. Талды-Булак-Сол-Жээк кенинде 70 тоннадан ашык алтын, 60 тоннага чукул күмүш запасы бар.
Талды-Булак-Сол-Жээк кенинде чалгындоо иштерин “Алтын-Кен” ишканасы жүргүзүп келген.
Буга чейин 60 пайызы Кытай компаниясына, 40 пайызы “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна караган “Алтын-Кен” ишканасына жергиликтүү калк каршы чыгып, бир нече жолу акция өткөрүшкөн. Кытай компаниясынын келишим мөөнөтү 2026-жылы бүтөт. (AzK)