Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Иракта ысык 50 градустан ашканына байланыштуу эс алуу жарыяланды


Бүгүнтөн тарта төрт күндүк эс алуу болот. Синоптиктердин маалыматы боюна бул аптанын аягына чейин Иракта абанын температурасы 50 градустан ашат. Маселе Ирактын көпчүлүк аймактарында электр энергиясы өчүп жатканында болууда, өлкөнүн электросистемасы “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери менен салгылашууда катуу жабыркаган.

Ирак бийлиги буга чейин 16-июлда да ысыктан улам каникул жарыялаган болчу. Ал күнү банктар менен күч кызматтарынан башка бардык мамлекеттик ишканалар иштеген эмес.

Июнь айында Пакистанда миңден ашуун киши, Индияда 2200 киши ысыкты көтөрө албай набыт болгон.

XS
SM
MD
LG