Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:39

Бакуда сот оппозиционерди 7,5 жылга эркинен ажыратты


Баку шаардык соту оппозициялык маанайдагы саясатчы Асиф Юсифлини “алдамчылык кылган жана документ жасаган” деп айыптады. Ушул эле иш боюнча айыпталып жаткан Рафиг Гусейнов 12,5 жылга эркинен ажыратылды. Ал өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна алып, бул иш боюнча жалгыз өзү айыптуу экенин, Юсифлинин эч кандай тиешеси жоктугун сотто билдирди.

Оппозициялык "Элдик фронт" партиясынын мүчөсү Асиф Юсифли коюлган күнөөнү мойнуна алган жок, өзүнө карата жасалган ишти саясий жана укуктук ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө бийлик тараптан атайылап бут тосуу аракети деп баалады.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар, Евобиримдиктин, АКШнын өкүлдөрү Азербайжанда оппозиционерлерге, жарандык активисттерге, көз карандысыз журналисттерге карата репрессиянын күч алып баратканына тынчсызданууларын билдиришти. Баку болсо өлкөдө саясий куугунтукка кабылгандар жок экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG