Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Кара-Суунун акими Ош мэриясын айыптады


Кара-Суунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу жаңы конуш менен Ош шаарын бириктирүүчү көпүрөнүн ишке берилбей жатканына аким Тилек Матраимов Ош мэриясын айыптады. Ал "министрликтен акчаны бөлдүрүп, көпүрөнү куруп бүтүрдүк. Бирок Ош мэриясы былтыртан бери ошол көпүрө турган жолду ачалбай жатат. Бизде айып жок", - деп билдирди.

Ош мэринин орун басары Жапар Ормоновдун билдиришинче, Ак-Тилектин 11-көчөсүнүн жашоочулары ал көпүрө ишке кирсе, көчөдө ойногон балдарга кооптуу болорун ырастап, жолду ачпай жатышат.

Ушул тапта эки миңге жакын эл жашаган жаңы конуш тургундары былтыр курулуп бүткөн көпүрөнү колдоно албай келишет. (YI)

XS
SM
MD
LG