Каржы министрлиги өлкөнүн облустарында республикалык бюджеттин 2016-жылга долбоору жана 2017-2018-жылдарга божомолу коомдук талкууларга коюларын билдирди.
Иш-чара бюджеттердин 2016-жылга чыгашаларын жана кирешелерин пландоого калкты тартуу максатында өткөрүлүүдө. Анда жарандарга жергиликтүү бюджет эмне экени, кантип түзүлүп, кантип сарпталары түшүндүрүлөт. Анда айтылган сунуш-пикирлер эске алынат.
Коомдук угуу 3-5-августта Ош, Жалал-Абад шаарларында, ал эми 10-12-август күндөрү Нарын, Каракол шаарларында өткөрүлөт. (TSh)