Өкмөт башчы Стивен Харпер парламенттик шайлоого өткөрүү күнүн жарыялады. Жекшембидеги билдирүүсүндө ал шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 11 жумага созуларын, негизги тема өлкө экономикасына арналарын билдирди.
Харпер Консервативдик партиянын өкүлү. Аталган партия быйыл төртүнчү ирет бийликке келүүгө камынып жатат. Бирок серепчилердин божомолунда бул ирет алар өкмөттө көпчүлүктү түзөрү күмөн.
56 жаштагы Харпер Канада экономикасын башкарууга жөндүү экенин, мунай баасы төмөндөп жатканына карабай каржы каатчылыгына жол бербей турганын белгиледи. Өлкөнүн негизги экспорту мунай болуп эсептелет. (SE)