Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Таласта ырчы Омардын баш коргоо чарасы каралууда


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче, 3-августта Талас облустук соту ырчы Омардын баш коргоо чарасын карап жатат. Буга чейин ырчынын адвокаттары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылышкан.

Соттун алдында Омардын тууган-туушкандары, жакындары жана жабырлануучу тараптын өкүлдөрү биригип 50дөй киши турушат.

Шоу-бизнес жаатында Омар деген ат менен белгилүү болгон Өмүрбек Жанышевди жакында Талас райондук милициясы “Кыргызстан” партиясы менен чогуу концерт бергени барган учурунда кармап, камакка алган. Ырчынын үстүнөн арыз жазып, милицияга кайрылган жабырлануучу, ишкер Болот Бейшеналиев Өмүрбек Жанышев шериги Нуржанбек Токтогулов менен чогуу өткөн жылы июнда ишкерден 40 тонна төө буурчак, 20 миң доллар акчасын алган боюнча кайра бербей, качып жүргөнүн билдирген.

Талас райондук сотунун чечими менен ырчы 26-августка чейин камалган эле. Омардын продюсери Миргүл Омардын бул акчага эч кандай тиешеси жок экендигин айтып, муну куру доомат деп билдирип келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG