Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Талас район акиминин милдетин аткаруучу дайындалды


Премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен 3-августта Талас районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп Кадырбек Табышов дайындалды. Ал буга чейин акимдин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Талас район акими Райкан Өзүбеков өкмөт башчынын буйругу менен кызматынан алынды.

Райкан Өзүбеков “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү. “Атамекенчилер” партиялаштарынын жергиликтүү бийликтеги өкүлдөрү кызматтан алына баштаганын айтышып, муну шайлоо алдында оппозицияга айланып бараткан партия менен бийлик ортосундагы тиреш катары сыпатташууда. Өкмөт өкүлдөрү кызматтан алууларга шайлоонун тиешеси жок экенин белгилешет. (AzK)

XS
SM
MD
LG