Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Азаров Москвада Украинаны сактоо комитетин түздү


Николай Азаров Москвадагы маалымат жыйынында, 3-август, 2015.
Николай Азаров Москвадагы маалымат жыйынында, 3-август, 2015.

Украинанын мурдагы премьер-министри Николай Азаров Москвадагы бүгүнкү маалымат жыйынында Украинаны сактоо комитети түзүлгөнүн жарыялады. Бул уюм украин президенти Петро Порошенко менен өкмөт башчы Арсений Яценюкту отставка кетирүү жана мөөнөтүнөн мурда президенттик, парламенттик шайлоо өткөрүү чакырыгы менен чыгууда. Комитетти жетектеген Азаровдун айтымында, уюмга Украинада жашаган саясатчылар да кирген. Бирок ал алардын атын "бул өтө коркунучтуу" деп атаган жок. Комитет президенттикке Жогорку Раданын мурдагы депутаты Владимир Олейникти көрсөтүүнү чечкен. Бул маалымат жыйынына Олейник да катышып отурду.

67 жаштагы Николай Азаров украин өкмөтүн президент Януковичтин тушунда, 2010-2014-жылдары жетектеген.

Украинада болсо Азаров менен Олейникке карата кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG