Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Кутурмадан бир адам набыт болду


Бишкектеги Жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө кутурма оорусунан бир адам кайтыш болду.

Талас облусунун 1942-жылкы тургунун ушул жылы 8-май күнү чөө тиштеп алып, бирок ноокас бир нече ай адистерге кайрылбай үйүндө ооруп жаткан.

Оорусу күчөп кеткенден улам адистер ага жардам бере албай калганын “Азаттыкка” республикалык Карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кутурма жапайы жаныбарлар үй жандыктарын тиштегенде же адамга кол салганда жуккан вирустук оору. Анын азырынча антивирустук дарысы жок. Бир гана эмдөө жолу менен алдын алса болот.

Адистер кутурган жапайы же үй жаныбары тиштеп алса дароо дарыгерлерге кайрылууга кеңеш беришет. (BCh)

XS
SM
MD
LG