“Республика - Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов менен Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын чыры бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралат.
17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Карамушкина Адина Турдубаева аттуу жарандын курулуш бизнесин Өмүрбек Бабанов тартып алганын билдирген эле.
Бабанов депутаттын айтканын куру доомат деп атап, сотко кайрыларын айткан. (SE)