Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Кыргызстан издеп жаткан канадалык жаран Болгарияда кармалды


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан эл аралык издөөгө алынган Канада жараны Хоменюк Леонардо Болгариянын борбору София шаарында колго түштү. Ички иштер министрлиги дүйшөмбү күнү маалымдагандай, ал 27-июлда көзөмөл өткөрүү пунктунда кармалган.

68 жаштагы Хоменюк Леонардо паракорчулукка түрткөн кылмышты уюштурууга катышы бар деген шек менен издөөгө алынган. Министрлик тараткан билдирүүдө анын кылмыштары тууралуу азырынча кеңири маалымат жок.

Учурда кармалган жаранды Кыргызстанга алып келүү маселеси каралууда. (SE)

XS
SM
MD
LG