Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:40

АКШда республикачылар Иран менен келишимге каршы чыгат


Вашингтондон түшкөн маалыматтарга караганда, АКШ Конгрессиндеги республикачылар Иран менен келишимге каршы резолюция кабыл алууга жетишүүсү мүмкүн, бирок президент Барак Обама алардын резолюциясына вето салса, аны жеңе алчыдай эмес.

Конгрессмен Питер Роскамдын ырастоосунда, Эл өкүлдөр палатасынын 434 мүчөсү арасынан азыр 218 республикачыл Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШ кол койгон келишимге каршы добуш берүүнү убада кылды.

Ал эми президенттин ветосун жеңүү үчүн бери дегенде 290 добуш талап кылынат. Резолюция долбоору ушул жылдын 17-сентябрында колго салынганы турат.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасында азчылыкты түзгөн демократтар жетекчиси Ненси Пэлосинин айтымында, алар демократтар келишимди жетиштүү добуш менен колдоп берет деп күтүшүүдө.

Анткен менен, демократтар арасында да азырынча Иран келишими боюнча жыйынтык чечимге келе электери биртоп.

Президент Барак Обама өзү өткөн аптада Конгресстеги демократтар келишимге каршы чыгып жаткан ири лоббисттик топтордон чоочуп жатканынын билдирген болчу.

Дүйнөнүн АКШ баштаган алты ири державасы Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча жыйынтык келишимге 14-июлда кол коюшкан. ( UE)

XS
SM
MD
LG