Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:48

Жерүйгө түшкөн акчанын 9% Таласка которулду


Жерүй алтын кенин иштетүү укугун утуп алган “Востокгеолдобыча” компаниясы республикалык бюджетке 100 млн. АКШ долларын чегерди. Анын 9% Талас облусуна түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология агенттигинин маалыматтык ресурстар башкармалыгынын башчысы Азиз Сапаралиев билдирди.

Сапаралиевдин маалыматы боюнча, кен тиешелүү экспертизалардан өтүп, фабрика курулган соң, эки жылдан ашык убакыттан кийин толук ишке кириши керек.

Учурда Жерүйдө 80 тоннадай алтын бар деп эсептелген.

Таластагы айрым тургундар кенди ачтырууга каршы болуп келишет. Мамлекет кен жергиликтүүлөргө миңдей жумушчу орун берерин, андан тышкары аймакта кошумча ишканалар куруларын, мамлекетке пайда түшөрүн айтып, кенди иштетүүгө кызыкдар.

Жакында эле, президент кенди ачтырууга каршы адамдарды бир ууч топ деп атап, каршылык көрсөткөндөргө күч колдонуларын билдирген. (МТо)

XS
SM
MD
LG