Ооган бийликтеринин айтымында, акыркы суткада жүргүзүлгөн антитеррордук операция учурунда аз дегенде 88 согушкер жок кылынган. Ооганстандын Ички иштер министрлигинин 5-августтагы маалыматында согушкерлерге каршы операция өлкөнүн бир катар жерлеринде, атап айтканда, Нангархар, Лагхман, Парван, Вардак, Газни, Такхар, Кундуз, Пактия жана Геллманд провинцияларында жүргүзүлгөн.
Ошол эле кезде Нангархар провинциясынын жергиликтүү бийликтери 4-августта жок кылынган 60 согушкер авиасоккудан өлгөнүн билдирди. Маалыматтарда алар “Талибандын” согушкерлери жана “Ислам мамлекети” террорчул уюму менен байланыштагы чет элдик жарандар болгон.