Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:51

Өзбекстан Ислам кыймылы ИМге кошулду


Усман Газий
Усман Газий

Бир катар өлкөлөрдө экстремисттик деп таанылган Өзбекстан Ислам кыймылы “Ислам мамлекети” террордук уюмунун катарына кошулду. 2-август күнү таратылган видеокайрылууда кыймылдын лидери Усман Газий мындан ары “Ислам мамлекети” тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдадиге моюн сунушарын, өз алдынча ишмердик токтотуларын жарыялады.

Тасмадагы дагы бир маалыматка ылайык, Ооганстан, Иран жана Борбор Азия аймагын көзөмөлдөө Саид Хафиз аттуу адамга ыйгарылган.

“Өзбекстан Ислам кыймылын” динчил Тахир Юлдаш 1996-жылы түзгөн. Алар 1999-жылы Баткен облусуна кол салган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG