Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Отунбаева “Минерва 2015” сыйлыгына ээ болду


Италиядагы “Аялдар клубу” Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаевага тынчтык менен эл аралык коопсуздукту сактоо, демократияга кошкон салымы, “саясий ишмердиги үчүн Минерва 2015” сыйлыгын ыйгарды. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунан кабарлашты.

Сыйлык 1983-жылы "Il Club delle Donne" коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган. Ал эч бир тоскоолдуктарга карабай коомду алдыга сүрөп, билимге, жаңы баалуулуктарга шыктандырган Италиядагы жана дүйнөдөгү аялдарга жыл сайын берилет.

Буга чейин ага Европарламенттин биринчи аял президенти Симона Вейл, БАЭнин тыш соода министри Шейха Лубна Аль-Касими, ФЕМНЕТтин президенти Мама Коите Думбия, ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова, Ирандагы алгачкы аял вице-президент Масуме Эбтекар жана башка чыгаан аялдар татыган.

Сыйлыктын тош белгиси алтын, асыл таштар кештеленген Минерванын (Рим мифологиясындагы акылдуулук кудайы) башынын сөлөкөтү түшүрүлгөн жасалга менен кооздолгон. (МТо)

XS
SM
MD
LG