Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Мырзакматовдун жакындарына кылмыш иши козголду


Бул тууралуу «Азаттыкка» «Улуттар биримдиги» саясий партиясынын штаб башчысы Абжапар Аккулов кабарлады.

Анын билдиришинче, Мырзакматовду сыртынан жети жылга кескен чечим чыккан 22-июнь күнү мурдагы шаар башчысынын туугандары сот Шералы Камчыбековго жолугуп, нааразылыгын айтышкан.

Ош шаардык сотунун судьясы Шералы Камчыбеков мындан улам өмүрүнө коркунуч келгенин, соттук ишмердүүлүгүнө басым жасалганын ырастап, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылган. Анын негизинде Мелис Мырзакматовдун аялына, бир тууган эжесине жана «Улуттар биримдиги» фракциясынын лидери Рысбек Мирзаматовго карата кылмыш иши козголгон.

Бул кабарды Ош шаардык жана облустук ИИБнын маалымат кызматы тергөөчүлөрдөн тактап жатышканын билдирди.

2015-жылдын 22-июлунда Ош шаарынын мурдагы башчысы Мелис Мырзакматовду Ош шаардык соту сыртынан соттоп, жети жылга эркинен ажыраткан. (YI)

XS
SM
MD
LG