Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Талиптер Бадахшан тарапта согушууда


Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Куфоб уезди менен Тажикстандын Дарваз району чектешкен аймакта талиптер менен ооган кызматтарынын атышуусу токтой элек. Бадахшандын бийликтери кабарлагандай, кагылышта талиптердин төрт талаа командири жок кылынды. Алар Мавлави Абдурашид, Мавлави Мухаммадсафо, Мавлави Мир Ахмад жана Мавлави Абдулло.

Бадахшан провинциясынын полиция кызматкери Лалмухаммад Ахмадзай билдиргендей, жайкын тургундар жана полициядан жоготуу болгон жок.

Ал арада Талибан кыймылынын маалымат катчысы Забехулло Муджохид атышууларда өкмөттүк армиянын сегиз кызматкери өлгөнүн, экөө жарадар болгонун билдирди. Талиптерден экөө гана өлгөнүн ал тастыктады.

Буга чейин талиптер менен ооган күчтөрүнүн кармашы Бадахшандын Тажикстанга жакын райондору Вардудж, Журм, Аргу, Карон, Минжон, Рог, Кишм жана Юмгон аймактарында орун алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG