Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Киев чет элдик артисттердин “кара тизмесин” жарыялады


Украинанын коопсуздук кызматы 14 маданият кызматкеринен турган тизмени тийиштүү министрликке өткөрдү. Анда өлкөнүн бүтүндүгүнө жана улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат деген артисттердин аты кирген. Тизмеде Олег Газманов, Иосиф Кобзон, Сергей Безруков, Михаил Боярский, Григорий Лепс, Иван Охлобыстин, Жерар Депардье ж.б. камтылган.

Маалым болгондой, “кара тизме” дагы жаңыланышы мүмкүн. Жаңы мыйзамга ылайык, тизмедеги артисттер кайсы бир фильмге катышкан болсо, ал тасма дагы Украинанын аймагында көрсөтүлүүгө тыюу салынат. Ал арада Мамкино буга чейин жайылтууга уруксат берген "кара тизмедеги" актерлордун фильмдерин мыйзамга ылайык көрсөтүүгө тыюу сала баштады. (SDz)

XS
SM
MD
LG