Былтыркы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу Орусия жеңил унааларды 2,1 эсе аз импорттогонун Федералдык бажы кызматы маалымдады.
DW кызматы жазгандай, акыркы алты айда Орусияга 3,378 млрд. долларга 179 миң жеңил унаа кирген. КМШ өлкөлөрүнөн импорт дээрлик үч эсе азайса, батыш өлкөлөрү жана Жапониядан эки эсе кыскарган.
2014-жылы көрсөткүч 378 миң машинеден ашып, жалпы суммасы 7 млрд. долларды чапчыган.
Ал эми оор унаалардын көрсөткүчү мындан дагы жогору. Алты айда жалпы суммасы 362 млн. долларга жетип, көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу төрт эсе азайганын DW жазып чыкты. (SDz)