9-августка караган түнү Казакстандын Жамбыл облусунда кырсыктап мерт кеткен төрт кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, бир нече сааттардан кийин сөөктөр кичи Мекенине жеткирилет. Мындан башка жабыр тарткан үч кыргыз жараны Приозерск шаарынын ооруканасында дарыланууда.
7-августта Алматы-Екатеринбург жолунда Астана-Чымкент маршруту менен бараткан “Сетра” автобусу «Тойота Ипсум» унаасы менен бетме-бет кагышкан. Натыйжада “Тойотанын” айдоочусу жана Жалал-Абад облусунун үч тургуну набыт болгон.
Премьер-министр Темир Сариев 8-августта министр Кубатбек Бороновго сөөктөрдү алып келүүнү тапшырган. Бул үчүн “Мерседес спринтер” кырсык болгон жерге жөнөп кеткен. (SDz)