Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:16

Стас Пьех Одессага келе албайт


Ырчынын жекшембиге белгиленген концерти өтпөй калды. Одесса облустук акимчиликтин басма сөз кызматы анын Украина аймагына кирүүсүнө тыюу салынганын кабарлады. Бул ырчынын Крым тууралуу көз карашынан улам чыккан иш. Ырчынын концертин уюштурган “Итака" клубу Facebook аркылуу Стас Пьехтин концерти уюштуруу иштеринен улам үзгүлтүккө учураганын билдирди.

Украина Маданият министрлиги 8-августта айрым маданий ишмерлердин аты жазылган “кара тизме” жарыялаган. Анда улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деген 14 кишинин аты жазылган. Бирок Стас Пьех ал тизмеде жок экени айтылууда.

Июль айынын соңунда 34 маданий ишмердин аты жазылган “ак тизме” жарыяланган. Андагы көпчүлүк орусиялык артисттер түзгөн тизменин башында Андрей Макаревич турат.

XS
SM
MD
LG