Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 22:53

10-августтагы сотто Исмаилова өзүн өзү өлтүрүүгө түрткөн деген Турал Мустафаев көрсөтмө берди. Мустафаев ашыгы Исмаилова менен тил табыша албай депрессия болгонун, анын өз жанына кол салуусуна Исмаилованын тиешеси жок экенин айтты.

Ал 24-июлдагы сотто тергөөчүлөрдүн кысымынан улам Исмаилованы каралаганын айтты.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы Халида Исмаилова 2014-жылы камакка алынганда Мустафаевди өзүн өлтүрүүгө түрткөн деп айыпталса, кийин финансылык махинацияларды жасап, салык төлөгөн эмес, кызматын кыянаттык менен пайдаланган деп күнөөлөнгөн. Журналист камалганга чейин президент Илхам Алиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн финансылык иштерин иликтеп жүргөн. 39 жаштагы Халида Исмаилова "оозумду жабуу үчүн жалган жалаалардын негизинде соттошууда" дейт.

XS
SM
MD
LG