Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Ирактагы жардырууда кеминде 40 киши өлдү


Бакубада 24-июнда болгон жардырууда да кеминде 14 киши мерт кеткен. 24-июнь, 2015-жыл
Бакубада 24-июнда болгон жардырууда да кеминде 14 киши мерт кеткен. 24-июнь, 2015-жыл

Ирактын Бакуба провинциясында 10-августта болгон катар кол салуудан кеминде 40 киши өлүп, 100дөй адам жаракат алды. Биринчи жардыруу Багдаддан алтымыш чакырым алыстыктагы Бакуба провинциянын борборунда болгон. Жардыруучу затка толтурулган машина базардагы элди сүзүп жарылган. Андан 35 киши өлүп, 72 адам жаркат алганын Associated Press агенттиги маалымдады.

Экинчи кол салуу өлкөнүн чыгышындагы Канаан айылында болуп, жанкечти эл топтошкон жерде өзүн жардырган. Андан жети киши өлүп, ондогон адамдар жаракат алды.

Бул кол салуулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террористтик тобу алды. Алардын айтымында, кол салуулар шийиттерге каршы багытталган. Акыркы мезгилде “Ислам мамлекети” тобу Багдадда жана башка провинцияларда бир катар жардырууларды уюштурду. Андан июль айында эле жүздөй адам мерт кеткен. (ZB)

XS
SM
MD
LG