Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

ЕБ жана укук коргоочулар Бакуну журналисттин өлүмүн ачык иликтөөгө чакырды


Сабалган Расим Алиев ооруканага жеткирилген мезгилде

Европа биримдиги жана укук коргоочулар тобу Азербайжандын бийликтерин журналист Расим Алиевдин өлүмүн толук жана ачык-айкын иликтөөгө чакырды.

Алардын бири - “Спорт - адам укугу үчүн” кыймылынын билдирүүсүндө “журналисттин өлүмү Азербайжанда сынчыл көз карашта болуу мурдагыдан да болуп көрбөгөндөй коркунучта экенин көрсөттү” деп айтылат. Бардыгы болуп кайрылууга 12 укук коргоочу уюм кол койгон.

Расим Алиев 9-августта ооруканада көз жумган. Аны бир күн мурда топ адамдар төпөштөп кеткен. Журналисттин айтымында, кол салгандар азербайжандык “Габала” футбол клубунун ойноочусу Жавид Гусейновдун адамдары болгон. Алар журналистти футболчу Гусейновду Фейсбукта сындап жазганы үчүн сабашканы айтылууда. Полиция бир канча адамды, анын ичинде Жавид Гусейновдун тууганы делген Элшан Исмаиловду да камакка алды. (ZB)

XS
SM
MD
LG