Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Жүргүнчү ташыган кичи автобустар боюнча сот башталды


Бүгүн Бишкектин район аралык сотунда шаар тургуну, 23 жаштагы Жибек Орозбекованын арызы карала баштады. Ал шаарда жүргүнчү ташыган кичи автобустар ашыкча киши салып, кооптуу жагдай түзүп жатканы үчүн өкмөттү сотко берген. Бүгүнкү отурумда Унаа жана байланыш министрлигинин өкүлдөрү өз жүйөлөрүн келтирип, ичи толтура маршруттук автобустарга шыкалып кирген жүргүнчүлөр да күнөөлүү деген пикирин айтышты.

Ал эми арыз ээси бул боюнча атайын стандарттар иштелип чыкпаганын, буга өкмөт жооптуу экенин айтууда.

Кийинки сот отуруму 21-августта өтмөй болду. Ага Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын өкүлү чакырылат. (RK)

XS
SM
MD
LG