Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

АКШ экс-президенти Ж. Картер айыкпас дартка чалдыкты


Америка Кошмо Штаттарынын 39-президенти Жимми Картер 12-август күнү оор илдетке чалдыкканын расмий билдиргенин Reuters агенттиги кабарлады.

“Мен эми жасай турган иштеримдин жадыбалын толук өзгөртүшүм керек. Эмори ооруканасында дарыланамын”, - дейт 90 жаштагы Картер.

Ж. Картер Демократтар партиясынан шайлоого чыгып, 1977-1981-жылдары АКШны башкарган. 1980-жылы республикачыл Рональд Рейган менен президенттик жарышта жеңилип калган.

Экс-президент Атланта шаарындагы Эмори университетинин ооруканасында операция болорун билдирди. Ушул жылдын май айында Жимми Картер Гвинея жана Түштүк Американын айрым өлкөлөрүндө расмий иш сапары менен болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG