Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

14-августка карата аба ырайы


Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын жана Талас облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 15-20, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 22...27,

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,

Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 23...28,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 18...23,

Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 15...20,

Бийик тоолуу райондордо -1...+4, күндүз 7...12 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан жаайт, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 14…16, күндүз 23…25 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG