Кытайдын түндүк чыгышындагы Тянцзин портундагы жарылуудан курман болгондордун саны 44 адамга жетти. Алардын 12 кишиси өрт өчүрүүчүлөр. Жарадар болгон жүздөгөн адамдардын көбүнүн абалы оор. Дагы чоң жарылуу болот деген кооптонуудан улам бийликтер кырсыктын очогундагы өрттү өчүрүү аракетин бүгүн эртең менен токтотушту.
Синхуа жаңылыктар агенттигинин кабарлашынча, жарылуу 12-августта түнкү 11:30 ченде порттун контейнерлер сакталчу терминалында жеңил күйчү жана жардыргыч заттардын от алышынан башталган.
Кытайдын жер титирөөлөрдү изилдөө борборунун маалымдашынча, терминалдагы катуу жарылуунун кубаты 21 000 килограмм тротилге барабар болду. Франсс пресстин кабарчысынын айтуусунда, жарылуунун борборунан 3 км алыстагы үйлөрдүн айнектери күбүлүп калган.