Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Ош облустук казыятын белгисиз кишилер текшерип жатат


Ош облусунун казысы Ниязали Арипов 13-августтан бери казыятты белгисиз кишилер текшерүүгө алып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, алар текшерүүгө уруксат берген кагазды да көрсөтпөй, аракеттеринин жүйөсүн да түшүндүргөн эмес.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы ал кишилердин кайдан келгенин өздөрүнөн сураган учурда Дин иштери боюнча комиссиянын, муфтияттын жана борбордук текшерүү комиссиясынын өкүлдөрү экендигин билдиришти. Бирок аты-жөнүн айтуудан баш тартышты.

Бул боюнча милиция иликтөө жүргүзүп жатат. (YI)

XS
SM
MD
LG