Премьер-министр Темир Сариевдин бүгүн Нарын облусуна эки күндүк жумушчу сапары башталды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, иш сапардын жүрүшүндө Сариев Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын, Нарын шаарында салынып жаткан Борбор Азия университетинин курулушу менен таанышат жана ички жолдордун абалын көрөт.
Андан кийин Соң-Көл жайлоосундагы малчылар менен жолугуп, алардын жашоо-шартынан кабар алат. (SE)