Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Украинада кармалган орус офицери Путинден жардам сурады


Украинанын мамлекеттик коопсуздук кызматы өлкөнүн чыгышында колго түшкөн орусиялык офицердин президент Владимир Путинге жасаган видеокайрылуусун жарыялады. Тасмада 37 жаштагы майор Владимир Старков орус президентинен эркиндикке чыгууга жардам сураган.

Ал 26-июлда Донецк шаарына жакын жерде курал жүктөлгөн унаадан кармалган. Тергөө учурунда орусиялык аскер экенин айткан жана жикчилдерге курал жеткирип берүүгө жооптуу экендигин билдирген.

Киев Москваны Минскиде түзүлгөн тынчтык келишимин аткарбай жатат деп күнөөлөп, жикчилдерге жардам берип келатканын айыптайт. Бирок Кремл муну четке кагып, Украинадагы согушка катышы жок экенин белгилейт.

Быйыл май айында да үч орус аскери колго түшкөн. Бирок Москва аларды "орусармиясынан эмес" деген эле. (SE)

XS
SM
MD
LG