Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Грек парламенти кредиторлор менен келишимди колдоду


 Премьер-министр Алексис Ципрас парламентте, 14-август, 2015-жыл
Премьер-министр Алексис Ципрас парламентте, 14-август, 2015-жыл

Греция парламенти эл аралык кредиторлордон 85 миллиард евро алуу боюнча келишимди колдоду. Эл аралык кредиторлордун талабына ылайык, Греция чыгымдарды кыскартып, салыктарды көтөрөт.

Бул катаал шарттарга макул болгон үчүн премьер-министр Алексис Ципрас өзүнүн партиясындагы консерваторлордун катуу сынына кабылган жана алардын көбү келишимге каршы добуш берди. Эксперттердин пикиринде, эл аралык кредиторлордон жаңы насыя алуу башкаруучу коалицияда бөлүнүүнү пайда кылышы мүмкүн.

Жума күнү, 14-августта Брюсселде Евромейкиндикке кирген мамлекеттердин каржы министрлеринин жолугушуусу болот. Греция 85 миллиард насыянын биринчи бөлүгүн 20-августка чейин алууга аракет кылууда. Анткени 20-августка чейин Европа борбордук банкына мурда алган насыянын 3 миллиард евросун төлөп бериши керек.

XS
SM
MD
LG