Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Тажикстандан жүзүм ташып келаткандар чек арада чыгымга учуроодо


Тажикстандан Кыргызстанга жана андан ары Орусияга алып барып сатуу үчүн жүзүм ташып келаткан кыргызстандык ишкерлер чек арада ири чыгымга учураганы турат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ишкерлердин бири Аслан Суранов кабарлады. Анын айтымында, Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы "Кызыл-Бел" өткөрмө бекетинде отуздай оор жүк ташуучу унаа беш күндөн бери Кыргызстанга кире албай жатат.

Ишкерлер бардык тиешелүү документтери бар экенин, тажик бажысынан эч тоскоолдуксуз өтүп, эми кыргыз тараптын бажы көзөмөлүнөн өтө албай турганын айтууда.

Чек арачылар муну Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден бери бажычылардын ички компьютердик программасы жаңыланып, айрым техникалык мүчүлүштүктөр пайда болуп жатканы менен түшүндүрүүдө.

Кыргызстан 12-августтан тарта Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Евразия экономикалык биримдигинин иш жүзүндө толук укуктуу мүчөсү болуп, кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынып салынган. (YI)

XS
SM
MD
LG