Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

"Ата-Мекендин" курултайына Аида Салянова катышууда


"Ата-Мекен" партиясынын шайлоо алдындагы курултайы. 16-август, 2015-жыл

"Ата-Мекен" партиясынын шайлоо алдындагы республикалык курултайына Кыргызстандын мурдагы Башкы прокурору Аида Салянова да катышууда.

"Атамекенчилердин" Улуттук филармонияда өтүп жаткан курултайына 600 делегат чакырылган.

Аида Салянова коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүүдө бийликтин мурдагыдай колдоосу азайып баратканын жүйө келтирип, быйыл январда күтүүсүздөн отставкага кеткен. Бул маселе парламентте талкууланганда "Ата-Мекен" фракциясы Саляновага колдоо көрсөтүп, анын кетишине каршы добуш берген.

Бүгүнкү курултайга оппозициячыл жаштардын "Жаңы муун" кыймылы да конок катары катышууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG