Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Жогорку Сотто бачабаздыкка шектелген молдонун иши каралат


Баланы зордуктоого шектелип жаткан молдонун иши бүгүн Жогорку Сотто каралат. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынан кабарлашты. Жабыркаган тараптын кызыкчылыгын аталган уюмдун адвокаттары коргоп жатат.

2012-жылы Ош шаарындагы медреселердин биринде 9 жаштагы окуучуну зордуктады деген шек менен Нурсейит Калыбай уулу атуу молдо кармалган. Былтыр Ош облустук соту аны психикалык жактан оорулуу деп таап, мажбурлап даарылоого чечим чыгарган. Бирок жабыркаган тараптын талабы менен Нурсейит Калыбай уулун адистер дагы бир ирет бир текшерип, соо деген бүтүм чыккан. Бирок соттолуучунун адвокаты адистердин бул корутундусун жокко чыгаруу суранычы менен Жогорку Сотко кайрылган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG