Алар айдоо аянттарын турак-жай салуучу жерге айландырууга коюлган мораторийди алып салууну талап кылып, мындан учурда 47 миңден ашуун турак-жай ээси жабыркап жатканын билдиришүүдө.
Апрель баатырлары мурдараак ушундай эле талап менен Жогорку Кеңештин алдына жыйынга чогулушкан.
Июль айында Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргызстандагы айыл чарбага багытталган жерлерди турак-жай тургузулуучу жерге айландырууга мораторий киргизүү” тууралуу мыйзамга кол койгон. Аталган мыйзам айдоо аянттарына чакан ГЭСтерди курууга жана газ түтүктөрүн өткөрүүгө тыюу салбайт.(ZKo)