Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Чет жактарда жашаган кыргызстандыктардын биометрикалык маалымат тапшыруусу уланууда


Европанын айрым майда мамлекеттеринде жашаган кыргызстандыктар биометрикалык маалыматтарды Германиядан тапшыра алышат. Ватиканда, Данияда, Норвегияда, Швецияда жашап, иштеген кыргызстандык жарандар биометрикалык маалыматтарды Берлиндеги кыргыз элчилигинде тапшыра алышат. Мындан тышкары Бонндо жана Франкфурт-на-Майне шаарындагы консулдук бөлүмдөрдө да биометрикалык маалыматтар катталып жатат. Германиядагы элчиликтин маалыматы боюнча иш күндөрү келе албагандар, алдын ала жазылуу менен дем алыш жана майрам күндөрү да биометрикалык маалымат тапшыра алат.

Биометрикалык маалыматтарды алуу акысыз жүргүзүлөт.

Кыргызстан жарандарынан биометрикалык маалыматтарды алууну өткөн жылы баштаган. Быйылкы парламенттик шайлоодо добуш берүүгө биометрикалык маалымат тапшырбаган жарандар киргизилбеси айтылып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG