Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Тили ширин болсун деп кант тараткан карыя


Тили ширин болсун деп кант тараткан карыя
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

Тили ширин болсун деп мугалимдерге, мээримдүү болсун деп мектеп окуучуларына маал-маалы менен кант таратып, окуучуларга жомок айтууну адат кылган аксакал азыр Араван районунун Төө-Моюн айылында жашайт. Тургунбай Кудайназаровдун жашы сексенде. Ал аш-тойдон же мал багуудан бошобогон абышкалардан айырмаланып, баштыгына кант салып, айыл мектебине бат-бат баш багып турат. Бүгүн да мектепке кирип окуучуларга момпосуй таратып берди.

XS
SM
MD
LG