Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Сирия: Думадагы авиачабуулда өлгөндөр саны 100гө чукулдады


Сириянын Дума шаары 16-августтагы авиачабуулдардан кийин.

Сириянын аскер авиациясы Дума шаарына урган соккуда өлгөндөрдүн саны 100гө жакындады. Мындан улам 17-августта БУУнун Баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Валери Амос тынчсыздануу билдирип, карапайым элди коргоого чакырды.

Сириянын аба күчтөрү жекшемби күнү Дамасктан 10 чакырым түндүк чыгыштагы Дума шаарына урган сокку төрт жылдан берки жарандык согуш кездеги эң кандуу чабуул. 16-августтагы авиачабуулду Сириянын оппозициядагы Улуттук коалициясынын башчысы Халед Кожа “кызыл кыргын” деп атады.

Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюмдун билдиришинче, чабуулдан 250 адам жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG