Аталган партиянын жаштар канатынын мүчөсү Улар Бакырдинов “Азаттыкка” билдиргенине караганда, тизмеде көп жылдан бери партиянын кызыкчылыгын коргоп, активдүү иштеп келе жаткан жаштар алдыңкы катарга кирбей калышкан.
“Мисалы Ренат Самудинов партиянын ичинде көптөгөн демилгелерди көтөрүп, көп жылдардан бери мүчө болуп жүрөт. Анын эмгектерине карабай эң арткы орунга кирип калганына жаштар канаты нааразы” – дейт Бакырдинов
Жаштарды нааразы кылганы - алардын атынан деп сырттан келгендер алдыңкы катарга кошулуп калганы. Бирок, ортодон кошулуп калгандар кимдер экенин жаш активисттер аташкан жок.