Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:27

Кочкор районунун аскер комиссариатынын кызматкеринин сөөгү токойдон табылды


14-август күнү Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын Чыгыш тарабындагы токойдон Кочкор райондук аскер комиссариатынын орун басары 33 жаштагы Ибрагим уулу Урматтын сөөгү табылган.

Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан кабарлашты. Милициянын алгачкы тергөө иштеринде маркум өзүн-өзү атып алгандыгы болжолдонууда жана ал "Мазда" үлгүсүндөгү автоунаанын оң жагында олтурган. Окуя болгон жерден узундугу 55 сантиметр болгон жана курал табылган.

Учурда экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG